World Taekwondo президентинин Кыргызстанга сапары
Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин жана Кыргыз Республикасынын WT таэквондо ассоциациясынын чакыруусу менен World Taekwondo президенти доктор Чунгвон Чой (Chungwon Choue) Кыргызстанга расмий сапар менен келди.

2023-жылдын 26-мартында саат 18:30да Бишкекке World Taekwondo президенти доктор Чунгвон Чой келди. Аэропорттон аны КРТА президенти А. Ф. Пак, КРТАнын уюштуруу комитети жана Кыргызстандын спортчулары тосуп алышты.
Бул сапар ата мекендик таэквондочулар үчүн чоң окуя болду, анткени бул доктор Чунгвон Чойдун Кыргызстанга биринчи сапары.
Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетине сапар
2023-жылдын 27-мартында World Taekwondo президенти доктор Чунгвон Чой Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин президенти Садыр Мамытов менен жолугушту. Таэквондону өнүктүрүүдөгү өзгөчө эмгеги, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы кайрымдуулук ишмердүүлүгү үчүн доктор Чунгвон Чой Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин Алтын ордени менен сыйланды.
«Sun City» борборунда спортчулар менен жолугушуу
28-мартта Бишкектеги «Sun City» спорттук-көңүл ачуу борборунда Кыргызстандын спортчуларынын Эл аралык олимпиада комитетинин мүчөсү, World Taekwondo президенти доктор Чунгвон Чой менен жолугушуусу болуп өттү.
Иш-чара World Taekwondoнун 50 жылдык мааракесине жана Кыргыз Республикасынын WT таэквондо ассоциациясынын негизделгенинин 30 жылдыгына арналды.
Салтанаттуу аземге ардактуу коноктор катышты: КР Улуттук олимпиада комитетинин президенти Садыр Мамытов; Кыргызстан корейлеринин коомдук бирикмесинин президенти, КР WT таэквондо ассоциациясынын ардактуу президенти Вячеслав Николаевич Хан; Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин консулу Пак Ки Сок; Корея Республикасынын Кыргызстандагы Билим берүү борборунун директору Ким Чже Ёнг; Корея Республикасынын Кыргызстандагы жарандарынын ассоциациясынын президенти Ким Ги Су; Бүткүл дүйнөлүк таэквондо борбору «Куккивондун» Кыргызстандагы өкүлү устат Ли Сын Гю.
Иш-чараны Улуттук олимпиада комитетинин мүчөсү, КР WT таэквондо ассоциациясынын президенти Алексей Филиппович Пак ачты. Андан соң доктор Чунгвон Чой куттуктоо сөзүн сүйлөдү.
Кыргыз элинин кылымдардан келе жаткан салтына ылайык, урмат-сыйдын белгиси катары Алексей Филиппович Пак ардактуу конокко кыргыздын улуттук кийимин тартуулады.
«Cares Program» программасынын максаты — балдарга таэквондонун принциптерин сиңирүү
Белгилей кетсек, 2022-жылдын 1-сентябрынан тартып Кыргызстанда «Cares Program» программасы иштей баштаган. Ал жетим балдарга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына таэквондо WT менен акысыз машыгууга мүмкүнчүлүк берет.
Таэквондо WT менен Бишкек шаарындагы «SOS Балдар кыштагынын» жана Ысык-Көл облусунун Теплоключенка айылындагы Ак-Суу мектеп-интернатынын балдары машыгышат.
Спорттук жана концерттик программанын алкагында «Cares Program Kyrgyzstan» катышуучулары — Бишкек шаарындагы «SOS Балдар кыштагынын» тарбиялануучулары — жана КР Таэквондо ассоциациясынын көрсөтмө курамасы чыгып өнөр көрсөтүштү.
Ошондой эле «Маннам» элдик ансамбли жана K-POP фестивалынын жана OST DORAMA сынактарынын лауреаттары Эвелина Ким менен Аяна Болотбекова чыгышты.
Андан соң World Taekwondo президенти доктор Чунгвон Чойдун атынан КР WT таэквондо ассоциациясынын мүчөлөрүнө ардак грамоталарды тапшыруу аземи өттү:
- Осмонов Исламбек Шаршенович;
- Курманалиев Эрмек Алмамбетович;
- Тен Вадим Валерьевич;
- Пономарёв Дмитрий Викторович;
- Лигай Александр Владимирович;
- Раимкулов Алмаз Бейшембекович.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров World Taekwondo президенти доктор Чунгвон Чойду кабыл алды.
Аңгемелешүүнүн жүрүшүндө тараптар дене тарбия жана спорт жаатындагы кызматташуу, спорттук медицинаны өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Министрлер Кабинетинин башчысы таэквондо өлкөдөгү эң популярдуу спорт түрлөрүнүн бири экенин, ал жаштардын эрк күчүн жана тартибин тарбиялоого, ошондой эле сергек жашоо образын жайылтууга багытталганын белгиледи.
Ысык-Көл облусуна сапар
2023-жылдын 29-мартында World Taekwondo президенти доктор Чунгвон Чой Ысык-Көл облусуна барды. «Рух Ордо» маданий борборунда ал World Taekwondoнун «Cares Program Kyrgyzstan» кайрымдуулук программасынын катышуучулары — Ак-Суу мектеп-интернатынын тарбиялануучулары менен жолугушту. Бул программанын катышуучулары таэквондо WT менен акысыз машыгышат, аларга таэквондо WTнин принциптери жана спортко болгон сүйүү сиңирилет.