Таэквондо

Таэквондонун бөлүмдөрү

Кыргыз Республикасынын WT таэквондо ассоциациясы 1993-жылы негизделип, Бүткүл дүйнөлүк таэквондо федерациясынын мүчөсү болгон.

World Taekwondo

Таэквондочунун кодекси

  1. Таэквондо WT жана Олимпиада хартиясынын негизги принциптерин ыйык сактоо.
  2. Таэквондонун бийик рухун көрсөтүү, чынчыл, ак ниет жана адилет болуу.
  3. Жүрүм-турум жана этикет эрежелерин сактоо, ата-энесин, улууларды, устаттарын жана жолдошторун сыйлоо, алар менен сылык жана адептүү болуу.
  4. Өз жөндөмдөрүн дайыма өркүндөтүү, денесин жана акылын өнүктүрүү.
  5. WT таэквондочусу деген наамдын кадыр-баркын ыйык сактоо, коргоо жана көтөрүү.
  6. Эч качан уят сөздөрдү колдонбоо, бирөөнүн ар-намысын басмырлаган иштерди жасабоо, ошондой эле чыккынчылык, коркоктук, көрө албастык жана эки жүздүүлүк менен күрөшүү.
  7. Тырышчаак, тыкан, тартиптүү жана өз ишине берилген болуу.
  8. Мекенин сүйүү, өз мамлекетинин мыйзамдарын кыйшаюусуз сактоо.
  9. Таэквондо WT боюнча алган билимин таэквондочунун бийик наамына шек келтирген иштерде колдонбоо.
  10. Машыгууларга үзгүлтүксүз катышуу, спорттук чеберчилигин жогорулатуу, Бүткүл дүйнөлүк таэквондо федерациясы жана Кыргыз Республикасынын WT таэквондо ассоциациясы белгилеген эрежелерди так сактоо.